Жаңылыктар
Бишкек: жумуш таштаган айдоочулардын талаптары
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек: жумуш таштаган айдоочулардын талаптары

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары борбор калаанын 12-кичирайонуна чогулуп, өз талаптарын айтышууда. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү токтомуна, бирдиктүү форма тууралуу талапка нааразылык билдиришти. 

Ошондой эле жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары жерде токтоп, алып-түшүрүүгө карата айып пулдун көбөйүшүнө каршылыгын айтышууда.

Айдоочулар менен Бишкектин вице-мэри Геннадий Милицкий жана жол кыймылынын коопсуздугу сактоо башкармалыгынын жетекчиси Шайырбек Бопонов жолугушту. 

Вице-мэр айдоочулардын өкүлдөрүн бүгүн саат 17:00дө кабыл алууга даярдыгын билдирип, айдоочулардан ага чейин каттамга чыгып, иштеп турушун өтүндү. 2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, шаарда автобус, троллейбустар гана иштеп жаткандыктан, эл батпай, аялдамаларга чогулган адамдар көбөйдү. 

Айрым такси кызматтары бул учурдан пайдаланып, баштапкы баасын көтөрүп жиберишкен. Бишкекте күн сайын үч миңден ашуун маршруттук такси 119 каттам боюнча эл ташып чыгат. 1-апрелден тарта өкмөттүн 2017-жылдын 25-декабрында кол коюлган токтому күчүнө кирди. Ага ылайык, кооптуу жүк ташыгандар менен жүргүнчү ташыгандар милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисин алышы керек.