Жаңылыктар
Борбордо кургак учукка каршы "Кургак учуктан эркин дүйнөгө" аттуу марафон өттү
Ден соолук
Борбордо кургак учукка каршы "Кургак учуктан эркин дүйнөгө" аттуу марафон өттү

31-мартта Миң кыял FM радиосу КРнын саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте "Кургак учуктан эркин дүйнөгө" деп аталган чуркоо акциясын өткөрүштү. 

Марафон Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынын аймагында өттү.

Иш чарада кургак учукту алдын алуу тууралуу маалыматтар айтылып, ар кандай оюндар жана концерттик программа менен коштолду. 

Чуркоо боюнча да катышуучуларга белектер тапшырылды.