Жаңылыктар
Троллейбус менен автобустардын айдоочуларынын бүгүнку туйшугу
Кыргызстан жаңылыктары
Троллейбус менен автобустардын айдоочуларынын  бүгүнку туйшугу

Троллейбус менен автобустардын айдоочуларынын түйшүгү бүгүн 10 эсеге көбөйдү. Анткени алар таң эртеден тарта тыным албай иштешти. Абдрахманов көчөсү. Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн бири. Аялдамада эл толо. Көпчүлүк жумушка, айрымдар үйгө, кимдир бирөө конокко баратышат. Борбор калаанын тынбаган жашоо ыргагы жайлай түшкөндөй.

Адатта бирине-бири көңүл бурбаган шаардыктар, бүгүн аялдамадан таанышып, сүйлөшүп, кенен отуруп ал-жай сурашканга да үлгүрүштү. 8 жылдан бери троллейбус башкарган Закир Каримов бүгүн жумушунун көлөмү 10 эсеге көбөйгөнүн айтат. Тыным албай иштеп жатам дейт. Эгер мамлекет коомдук транспорттун санын көбөйтүп койсо, борбор калаанын элин маршруттук каттамдарсыз эле кенен ташып үлгүрөбүз деп ишенет. Айдоочунун бул пикирин троллейбустагы жүргүнчүлөр да коштоп жиберишти. Шыр жүрүп турса коомдук транспорт менен эле жүргөнгө эмне жетсин дешет. Бишкектин элин азыр 110 троллейбус жана 130 автобус ташыйт. 

Маршруттук каттамдарды толук алып сала турган болсо, элди кенен ташуу үчүн дагы миңге жакын коомдук транспорт иштеши керек. Бишкек мэриясы учурда мунун үстүнөн алпурушуп жатат. Социалдык тармактарда да бул тема кызуу талкууланды. Мисалы, дарыгерлер “биз деле аз айлыкка иштеп жүрөбүз, бирок элди таштаган жокпуз” деп, маяна кагаздарын жарыялашты. Ал эми айрым шаар тургундары, көчөдө бир гана троллейбус менен автобус каттай турган болсо, эл буга да көнөт деп эсептешет.