Жаңылыктар
Кыргызстан бара-бара партиялык түзүлүштү өнүктүрүп, парламенттик демократияга ыктайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан бара-бара партиялык түзүлүштү өнүктүрүп, парламенттик демократияга ыктайт

Бул 2040-жылга чейинки өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияга камтылган негизги багыттын бири. Документ жарандык коом, ишкер чөйрө, саясий партиялар, эксперттер жана мамлекеттик органдар тарабынан берилген сунуш-пикирлерди эске алуу менен иштелип чыккан.

Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын баштапкы варианты төрт айдан ашык коомдук талкууда болду. Бул убакыт ичинде Туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиянын катчылыгы жарандык коом, ишкер-чөйрө, саясий партиялар, эксперттер жана мамлекеттик органдар тарабынан түшкөн сунуш-пикирлерди иштеп чыкты. Өткөн айдын аягында документтин акыркы вариантын талкуулоо белгиленген, бирок өкмөттүн өтүнүчү менен жыйын жылдырылган. Документ төрт бөлүктөн турат. Биринчиси кеңири түшүнүктө адам капиталынын өнүгүшүнө арналган. 

Тактап айтканда коом менен үй-бүлөнү өнүктүрүү. Мында жарандардын билим алуусунун деңгээлин, билимин жана ой жүгүртүүсүн кеңейтүүгө багытталган. Экинчи бөлүм экономикалык бакубатчылыкты камсыздоого жана адам жашоосунун сапатын жакшыртып, өнүктүрүүгө байланыштуу. Бул бөлүм инсфраструктураны өнүктүрүүгө, сапаттуу жолдорду жана энергетикалык түйүндөрдү салууну шарттайт. Калкты таза суу менен камсыздоо жана экологияны коргоо башкы максаттардын бири. Үчүнчү бөлүм мамлекеттик бийликтин системасын өнүктүрүүгө багытталган. Улуттук стратегиянын бул бөлүмүндө Кыргызстан бара-бара парламенттик башкарууну бекемдеп, парламенттик демократияга өтөөрү так жана айкын белгиленген. 

Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук стратегиянын негизги бөлүгү “Таза Коом” долбоору. Учурда өкмөт мамлекеттик кызматтарды электрондук түрдө ала турган, өкмөт менен бизнес жана калктын кызматташтыкта иш алып баруусун жаңы деңгээлге чыгара турган жогорку технологиялык долбоорду ишке киргизүүнүн үстүндө ыкчам иштеп жатат. Бул адам факторун кыскартып, коррупциялык көрүнүштөрдү жоёт. Ошону менен бирге саламаттык сактоо, билим берүү сыяктуу тармактарды модернизациялоо, укук коргоо системасын реформалоо, коррупцияга каршы күрөш жана террорчулук менен экстремизмдин алдын алуу боюнча аткарыла турган жумуштар документтеги негизги орунду ээлейт. Кыргызстан 2040-жылга экономикалык жактан өнүккөн, коңшу мамлекеттер жана стратегиялык өнөктөштөр менен бирге ийгиликтүү кызматташтык түзгөн өлкөгө айланышы керек.