Жаңылыктар
Бишкекте окуучу бала агасынын тапанчасы менен классташын атып алды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте окуучу бала агасынын тапанчасы менен классташын атып алды

Айрым мектептерде окуучулар сумкасына бир гана окуу куралдарын эмес, чыныгы курал-жарактары да салып бара баштады. Бишкектин №38 окуу тарбия комплексинде окуучу сабака байкесинин тапанчасын кошо салып барган. Бирге окуган балдарына көргөзөм деп жатып, капысынан классташын атып алды. Жабырлануучу дароо ооруканага жеткирилген, ал эми милиция учурда окуянын чоо-жайын териштирип жатат. Жүрөктү титиреткен мындай окуя бул мектепте биринчи жолу каталып отурат. 38-мектептин 8-классынын окуучусу үйүнөн байкесинин пневматикалык тапанчасын алып чыгып, аны мектепке сала барган. Жөн гана оюнчук тапанчадай көрүнгөн куралды классташтарына көргөзөм деп жаткан учурда, кырсык болгон. 

Ошол замат жабырлануучуга тез жардам көрсөтүлүп, 3-балдар ооруканасына жеткирилген. Учурда баланын абалы туруктуу, ден соолугу жакшы. Апасы дагы дал ушул мектепте көп жылдан бери иштегендиктен кокустук болгонун айтат. Анткени эки бала кичине кезинен бери бирге өсүп, ынак достордон экен. Мектеп жетекчилиги менен мугалимдерин бул окуя катуу чоочутту. Анткени баардыгы бир ооздон баланын эч кандай ээнбашчылыгы жок экендигин айтып, ойдо жок жерден осол иш болуп кетти дешет. Буга чейин бир да жолу тартип бузуп же бирөө менен урушкан мезгили болгон эмес. 

Ал эми укук коргоо органдары окуучу баланын колуна курал кантип тийип калганын иликтеп жатышат. Анткени бул маселе баланын мектепке курал алып келгендигинен да маанилүү болуп турат. Окуядан кийин ИИМ сегизинчи класста окуган балдардын ата-энелерине курал жаракты кантип сактоо керектиги тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ал эми жыйынтык иликтөө иштери аяктаагандан кийин чыгарылат.