Жаңылыктар
Нарында милиция кызматкерлери арасында самбо боюнча мелдеш өттү
Спорт
Нарында милиция кызматкерлери арасында самбо боюнча мелдеш өттү

2-апрелде Нарын ОИИБдин кызматкерлери арасында самбо күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ички иштер министрлигинин кесиптик дене тарбияга даярдоо башкармалыгынын Нарын облусу боюнча ага тескөөчүсү Нарынбек Кожомбердиевдин айтымында, мелдештин жеңүүчүлөрү Ош шаарында өтүүчү республикалык таймашка жолдомо алышат.

«Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын календарлык планынын негизинде өтүлүүчү самбо күрөшү боюнча биринчилик болуп жатат. Бул мелдешке жалпысынан 8 команда катышты. Ички иштер башкармалыктын райондордогу бөлүмдөрүнөн келишти. Бул мелдештин максаты — жаштарды спортко тартуу жана самбо күрөшүн жандандыруу.

Жакында самбо күрөшү боюнча Ички иштер министрлиги тарабынан Ош шаарында республикалык мелдеш болот. Ошол мелдешке тандап алуу турнири катары дагы өткөрүлүп жатат. Самбо күрөшү облусубузда эки жылдан бери уюштурулуп келүүдө. Мелдеш жакшы деңгээлде өтүп жатат. Мелдештин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр сыйланып, Ош шаарында өтүүчү мелдешке жолдомо алышат», - деди Н.Кожомбердиев.