Жаңылыктар
С. Исаков жүргүнчү ташуудагы маселени жөнгө салууну талап кылды
Кыргызстан жаңылыктары
С. Исаков жүргүнчү ташуудагы маселени жөнгө салууну талап кылды

Премьер-министр Сапар Исаков 2-апрелде Бишкектеги жүргүнчү ташуучу ишканалардын ишмердиги боюнча жыйын өткөрдү. Өкмөт башчы 2-апрелде борбор шаарда маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосу боюнча айтып жатып, жарандардын коопсуздугуна багытталган мыйзамдар кыйшаюусуз аткарылууга тийиш экенин белгиледи.  

Сапар Исаков бул маалыматтарды текшерүүнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка жана УКМКга тапшырды. Өкмөт башчы ошондой эле шаардагы транспорт маселесин жөнгө салууну, анын ичинде жүргүнчү ташууга автобустарды чыгарууну тездетүүнү да шаар бийлигине милдеттендирди. Ал арада шаардык мэрия Бишкекте троллейбус менен автобустар күчөтүлгөн тартипке өтүп, түнгө чейин иштей турганын айтып чыгышты. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"