Жаңылыктар
Түштүк аймакта мөмө-жемишти үшүк алды
Айыл чарба
Түштүк аймакта мөмө-жемишти үшүк алды

Баткен облусунун Лейлек районунда 18-19-март күндөрү аба ырайы кескин озгоруп, үшүк жүрдү. Натыйжада жаңыдан гүл ачкан мөмө-жемиш бактарга зыян келди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, район боюнча үшүк алган мөмө-жемиштердин аянты 300 гектардан ашат.

 Жалпысынан Маргун, Бешкент, Кулунду, Сумбула, Ак-Суу, Тогуз-Булак, Лейлек айыл округдарында жана Исфана шаары мөмө-жемишсиз калды. Жарандык коргоону боюнча райондук комиссия учурда аймакта тактоо иштерин жүргүзүүдө.