Жаңылыктар
Нарында аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү
Спорт
Нарында аялдар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү

Нарын шаарындагы «Намыс» ден соолук борборунда 40 жаштан жогорку курактагы аялдар арасында «Энелердин волейбол лигасы», «Энелер дени сак келечек үчүн» ураанынын астында республикалык турнир өттү. 

Маалым болгондой, волейбол боюнча турнирге Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынан келген аялдардан куралган 12 команда катышты. Оюндун жүрүшүндө аялдар өздөрүнүн спорттогу мыкты даярдыктарын көрсөтүп, күйөрмандарга кызыктуу оюн тартуулашты. Финалга 4 команда чыгып, оюндун жыйынтыгында Ат-Башы районунун командасы 1-орунга, 2-орунга Таластын командасы, 3-орунга Ат-Башы районунун экинчи командасы татыктуу болушту. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылды. Ошондой эле мыкты оюн көрсөткөн айрым оюнчуларга атайын баалуу белектер берилди.