Жаңылыктар
Дүйшөнбек Зилалиев боюнча УКМК иликтөө иштерин аяктады
Саясат
Дүйшөнбек Зилалиев боюнча УКМК иликтөө иштерин аяктады

УКМК иликтөө иштерин аяктап, экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге “Террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү” беренеси боюнча айып тагылды. Эми Зилалиев жана анын жактоочулары иштин материалдары менен таанышып чыккандан кийин, маалыматтар айып корутундуну бекитүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Андан аркысын сот карайт. Зилалиевдин баш коргоо чарасы каралып, өлкөдөн башка аймакка чыкпоого милдеттендирилди. 

Эскерте кетсек, президенттин инаугурациясы болгон 24-ноябрь күнү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнө Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишине коюлган бомба тууралуу маалымат түшкөн. ИИМ Академиясынын курсанты билдиргендей, жардыруучу зат жөнүндө мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кабарлаган. Кийинчерээк мекеменин маалымат кызматы Зилалиев курсантка бомба эмес, форма жөнүндө айтканын жарыялаган. 1-декабрда бул факты боюнча кылмыш иши козголгон болчу.