Жаңылыктар
Кыргызстандык балбан АКШдагы күрөш боюнча эл аралык мелдеште чемпион аталды
Спорт
Кыргызстандык балбан АКШдагы күрөш боюнча эл аралык мелдеште чемпион аталды

Кыргызстандык балбан Самат Надырбек уулу Америкадагы күрөш боюнча эл аралык мелдеште чемпион аталды. Бул тууралуу аталган турнирдин расмий сайтына жарыяланды. 

Маалыматка ылайык, Bill Farrell Memorial International Open аталышындагы спорттук иш-чара 30-31-март күндөрү Нью-Йорк шаарында өткөн. Ага АКШ, Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышып, күрөштүн үч түрү боюнча күч сынашкан.

Турнирде мекендешибиз эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал эми финалдык беттеште 11:0 эсеби менен алтын медаль тагынды. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"