Жаңылыктар
Казакстандагы шайлоо
Дүйнө
Казакстандагы шайлоо

Казакстандагы башкаруучу партия болжол менен добуштардын 82%га ээ болду. Борбордук шайлоо комиссиянын жетекчиси Куандык Турганкуловдун айтымында, үч саясий партия: "Нур-Отан", Казакстан элдик коммунисттик партиясы жана "Ак-Жол" 7 пайыздык босогодон өтүү менен межилиске өттү. 

Мыйзамга ылайык, БШК шайлоонун акыркы жыйынтыгын 26-марттан кечиктирбей жарыялоосу керек. Парламенттин төмөнкү палатасына депутаттарды шайлоо 20-мартта аяктаган. Шайлоого катышкандардын саны 80% түздү. 

Орусиялык байкоочу Игорь Морозов билдиргендей, Казакстандын парламентине мөөнөтүнөн мурда шайлоо - ачык, акыйкат өтүп, жогорку деңгээлде уюштурулду. Шайлоонун жүрүшүндө сурамжылоолордун жыйынтыгы боюнча президент Нурсултан Назарбаев казак эли "Нур-Отанга" добуш берүү менен мамлекетке болгон ишенимин көрсөтө алды деп билдирген.