Жаңылыктар
Бишкек: "Орто-Сай" базарында контейнерден өрт чыкты
Кырсык
Бишкек: "Орто-Сай" базарында контейнерден өрт чыкты

Бишкектеги Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан “Орто-Сай” базарында бир контейнерден өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, тилсиз жоо тууралуу маалымат түшөрү менен, өрттү өчүрүүгө саат 21.48де эки унаа чыгып кеткен. 

Маалым болгондой, жалындан контейнердин ичиндеги бир аз товарлар күйүп кеткен. Өрт чектөөгө алынып, толугу менен саат 22.18де өчүрүлдү.