Рязань облусунда кыргызстандыктар кабылган жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.
Эске салсак, окуя 1-апрель күнү М-5 трассасынын 377-чакырымында болгон. Унаа ичиндеги сегиз кишинин төртөөсү оор абалда. Маалыматка ылайык, облус аймагында катталган жол кырсыгы боюнча РФтин Кылмыш-жаза кодексинин "жол эрежесин бузуу, этиятсыздыктан кишинин ден соолугуна оор жаракат алып келүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
Элчилик менен ИИМ өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жабыркагандар жана алардын туугандары менен жолугушкан. Ошондой эле Рязань облусунун саламаттыкты сактоо министри менен дагы телефон аркылуу сүйлөшүп, жабыркагандардын абалы боюнча маалымат алышкан.