Жаңылыктар
Бишкек-Торугарт унаа жолу 3 күндүк мөөнөткө убактылуу жабылды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек-Торугарт унаа жолу 3 күндүк мөөнөткө убактылуу жабылды

Бишкек-Торугарт унаа жолунун 108-чакырымында жол жумуштары жасалып жаткандыгына байланыштуу 3 күндүк мөөнөткө убактылуу жабылды. “Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, мындай чаралар поезд каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында көрүлүп жатат. 

Унаа жолу 3-апрелден 5-апрелге чейин жабык болот. Бул күндөрү Бишкек - Торугарт жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы трассанын 103-чакырымынан 117-чакырымына чейинки бөлүгүн таңкы сегизден кечки онго чейин көзөмөлдөйт. Ал эми унаалардын каттамы Бишкектен Ысык-Көлгө бара турган айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт.