Жаңылыктар
Борбор калаадагы жол тыгындарына эмне себеп болууда?
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы жол тыгындарына эмне себеп болууда?

Бишкектеги унаа тыгындары бир топ көчөлөрдө оңдоп-түздөө жумуштары жасалып жаткандыгынан улам убактылуу жабылганынан улам жаралууда. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, борбор шаардын көчөлөрүнүн дээрлик 10%ы оңдоо иштерине байланыштуу жабылган. Мындай жагдайдан улам калаанын айрым көчөлөрүндө унаа тыгындары узакка созулуп кетип жатат. Учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. 

Эгерде жарандар тыгынга кабылса, анда 0312 53-22-33 номерине чалып, кайрылса болот. Билдирүү түшкөндөн кийин Башкармалыктын кызматкерлери дароо жерине чыгып, кыймылды жөнгө салат. Төмөндө жабылган көчөлөрдүн тизмесин сунуштайбыз.


- Кара-Жыгач жаңы конушундагы Оберон көчөсү, Анкара көчөсүнөн Лев Толстойго чейин,

- Мамбетов көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсүнөн батышты көздөй 100 метри,

- жана Осмонкул көчөсүнүн Жибек Жолу көчөсүнөн Курманжан Даткага чейинки бөлүгү жабык.

- Ал эми Щербаков көчөсү, Махатма Ганди көчөсүнөн Манас проспектисине чейин,

- Баялинов көчөсү, Баку көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейин

- жана Калык Акиев көчөсүнүн Бөкөнбаевден Жибек Жолуна чейинки бөлүгү жабылды.

- Ошондой эле Тыныстанов көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү,

- Жаманбаев көчөсү Токтоналиев көчөсүнөн Тынчтык проспетисине чейин

- жана Алымкулов көчөсү, Муром көчөсүнөн Гагаринге чейин жабык болот.

- Ал эми Каралаев көчөсү Куттубаевден Нуркамал көчөсүнө чейин,

- Айни көчөсү, Псков көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин,

- жана Термечиков көчөсүнүн Лев Толстойдон Гагаринге чейинки бөлүгү жабылды.

- Мындан сырткары Эркиндик бульварынын батышты көздөй кеткен тарабы Түгөлбай Ата көчөсүнөн, Фрунзеге чейинки бөлүгү,

- Жибек Жолу болсо, Тоголок Молдодон Манас проспектисине чейин

- жана Салиев көчөсүнүн Лермонтовдон Калининге чейинки бөлүгү жабык.

- Москва көчөсүнүн Ибраимов көчөсүнөн Суюмбаевге чейинки жана

- жана Ахунбаев көчөсүнүн Тыналиевден Садырбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылды.