Жаңылыктар
Бишкектин айрым маршруткалары бүгүн ишке чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин айрым маршруткалары бүгүн ишке чыкты

Учурда Бишкекте 65 каттам боюнча дээрлик бир жарым миң кичи автобус жүргүнчү ташып иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Ага ылайык, борбордо 127 автобус жана 104 троллейбус иш үстүндө. 

Буга чейин, 2-апрелде Бишкекте маршруттук каттамдагы кичи автобустардын айдоочулары иш таштаган. Алар милдеттүү камсыздандырууга каршы чыгып, айып пулдун көлөмүн азайтууну жана тарифти көтөрүүнү талап кылышкан. 

Автобус, троллейбустар жетишпегендиктен, аларга эл батпай, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөр көбөйгөн. Көчөлөрдө узакка созулган тыгындар пайда болгон. Мэрия айдоочулардын талабы аткарылбай турганын, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иш таштоо токтотуларын билдирген. 

Ал эми өкмөт башчы Транспорт жана жолдор министрлиги менен Жол кыймылы коопсуздугун камсыздандыруу башкармалыгына, ИИМге, УКМКга кайрылып, эл ташуу тармагында коррупцияны тыюуну тапшырган.