Жаңылыктар
Айдоочулардын нааразычылыктары же жеке кызыкчылык коопсуздуктан маанилүүбү?
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочулардын нааразычылыктары же жеке кызыкчылык коопсуздуктан маанилүүбү?

2-апрелдеги иш таштоодон кийин бүгүн маршруттук таксилердин айрымдары гана ишке чыгышты. Ошол эле учурда жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөгөн кызмат өткөн жылы ордо калаада коомдук транспорт катышкан жол кырсыгы 82 пайызга өскөндүгүн кабарлоодо. 

Адам өмүрүн алып, колу-буттан ажыраткан жол кырсыктары айдоочу менен жүргүнчүгө сабак болбой жаткандай. Маршруттук таксилер аварияга кабылган видеолор интернетке арты артынан жарыяланып, акыркы жылда коомдук транспорт кырсык алып келген жагдайлар көбөйдү.

2-апрелдеги иш таштоодон кийин, ушул тапта баш калаадагы 65 каттам боюнча 1400дөн ашуун кичиавтобус ишке чыкты. Мындан сырткары 127 автобус жана 104 троллейбус жүргүнчүлөрдү ташып жатат.

Дүйшөмбүдө маршруттук таксилердин айдоочулары айтканга оңой, бирок орундатуу кыйын болгон талаптары менен иш таштоого чыгышкан. Алардын арасында, жол кирени көтөрүү, жолдун экинчи чийининен кайрылууга уруксат берүү, айып пулду ылдыйлатуу жана милдеттүү камсыздандырууга каршы болгон талаптар бар.

Бирок мындай талапка баардык эле айдоочулар макул эмес. Айрым каттамдагы маршруттук таксилер кечээ деле бүгүн деле тоскоолдуктарга карабай иштеп жатат. Анан да алар эбак эле унааларын камсыздандырып алышкан.