Жаңылыктар
КТРКнын башкы директорунун отчетун Байкоочу кеңеш кабыл алды
УТРК жаңылыктары
КТРКнын башкы директорунун отчетун Байкоочу кеңеш кабыл алды

КТРКнын башкы директорунун отчетун Байкоочу кеңеш кабыл алды. Отчетко Байкоочу кеңештин 12 мүчөсүнүн 11и макул болду. Байкоочу кеңештин кезектеги жыйынына бир гана маселе коюлду. Ал КТРКнын башкы директорунун 2017-жылда жасаган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына баа берүү. Коомдук каналдын башкы директору Илим Карыпбеков 2017-жылы каналдын жетекчилиги 5 багыт боюнча иш алып барганын айтты.


2017-жыл Коомдук канал үчүн оңой жыл болбогонун Карыпбеков белгиледи. Былтыркы жыл саясий окуяларга бай болуп, май айында өлкө телеканалдарынын баары санариптик берүүгө өттү. Бул абалда Коомдук каналдын 6 телеканалы санарипке кынтыксыз өтүп жана андан кийин дагы көрүүчүлөр аудиториясын сактап кала алды. Буга эл аралык медиа уюмдарынын изилдөөсүндө, КТРКнын 5 каналы өлкөдөгү эң көрүмдүү 10 каналдын баш сабынан орун алганы далил. 

    

Былтыркы жылдагы канал үчүн дагы бир жетишкендик - HD форматындагы 8 камералуу көчмө станцияга ээ болгону. Ири спорттук, маданий жана башка ири иш-чараларды түз эфирде сапаттуу көрсөтүүчү техниканын баасы 1 миллион 542 миң АКШ долларга сатып алынган. Буга чейин каналдын тарыхында советтер союзу маалында сатып алынган көчмө станциясы гана бар болчу.

Быйылкы жылы буга чейинки КТРКда жасалган максаттуу иштер улантылат. Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн 60 жылдыгына карата корпорациянын ички, сырткы көрүнүшү ремонттон өтөт. Каналдын техникалык базасын жакшыртуу боюнча жумуштар улантылып, борбордук аппарат жаңыланат. Ошондой эле борбордук архивди түзүү боюнча аракеттер көрүлөт.