Жаңылыктар
Бишкектин деталдуу планынын долбоорун талкуулоо кызуу талаш-тартыш жаратты
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин деталдуу планынын долбоорун талкуулоо кызуу талаш-тартыш жаратты

Бишкек шаарынын так планын кабыл алууга саналуу күндөр калды. Баш калаанын борбордук бөлүгүн иретке келтирчү документ 2 айдан бери коомдук талкуудан өтүүдө. Буга чейин документ шаардын төрт районунда каралган. Бул ирет шаар тургундары, архитекторлор жана тиешелүү адистер ортодо пайда болгон суроолорду талкуулашты. 


Деталдуу пландын долбоорун талкуулоо кызуу талаш-тартыш менен коштолду. Анткени шаар тургундарын күмөн санаткан суроолор жаралган. Мисалы, Аскар Нургазиев долбоордон өз үйүн көрө албай койгон. Тамы го бар, учурда жашайт, бирок документте үйүнүн ордуна бала бакча турат.

Калаа тургундары жүрөгүн өйүткөн суроолорду көтөрүп чыгышты. Социалдык имараттар, жол курулат, сейил бак тигилет деген шылтоо менен турак-жайыбызга коркунуч жаралбайбы, түпкүрү кандай болот деп тынчсызданышты. Долбоорду чийип чыккан адистер андай көрүнүштөргө жол берилбейт деп ишендирүүдө. Архитекторлор эгемендик алгандан бери документтин жоктугунан улам чар-жайыт көрүнүш орун алганы чын. Эми алдыда башкы милдет баарын иретке келтирүү турат деп билдиришти.