Жаңылыктар
Стамбулда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата эл аралык конференция өттү
Маданият
Стамбулда Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата эл аралык конференция өттү

Жакында Түркиянын Стамбул шаарында 20-кылымдын классик жазуучусу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата эл аралык конференция өттү. Илимий жыйында Чынгыз Айтматовдун көркөм мурасы жана дипломаттык ишмердиги тууралуу Россиянын мамлекеттик  архив документтеринен алынган баяндама зор кызыгуу жаратканын массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Чөйрөсү өтө кеңири болгону айтылууда. 

Конференцияга түрк тилдүү мамлекеттердин улуттук жазуучулар союзунун жетекчилери  жана Стамбулдагы чет өлкө элчилери, дипломаттар катышкан. Уюштуруу демилгесин  “Россия-Ислам дүйнөсү" аттуу стратегиялык кыймылы колго алганы  тууралуу Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын эл акыны,  улуттук  жазуучулар союзунун төрагасы Акбар Рыскулов айтып берди. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"