Жаңылыктар
Жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу Узак Кыдырбаев кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу Узак Кыдырбаев кармалды

Бишкек жылуулук борборундагы аварияга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында "Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев кармалды.

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти. Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланышы" беренесине ылайык Бишкек ТЭЦинин, "Электр станцияларынын" жана Улуттук энергохолдингдин айрым кызматкерлерине кылмыш иши козголду. 

Аталган иштин алкагында Узак Кыдырбаев 3-апрель күнү колго түшүрүлүп, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Иликтөө иштери уланууда. Маалым болгондой, бул кылмыш иши Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча 30-январда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.