Жаңылыктар
Айыл жергесиндеги көйгөйлөрдү чечүү сунушу өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Айыл жергесиндеги көйгөйлөрдү чечүү сунушу өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү

Кыргызстандын жети облусунун аймагынан келген 80ден ашык айыл өкмөттөрдүн өкүлдөрү Бишкекке чогулуп, аймактарды өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулашты. 

Анда жер-жерлердеги чечилбей жаткан көйгөйлүү маселелер, алардын кандай чечилип жатканы тууралуу бири-бири менен кеңири пикир алмашып, ийгиликтүү ишке ашып жаткан тажрыйбалар менен тең бөлүштү. 

ЮСАИД уюмунун «Ийгиликтүү аймак» деп аталган долбоору уюштурган бул жыйынга КРдин Президенттик аппаратынын, өкмөттүн жана башка жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу агенттигинин өкүлдөрү катышты. 

Иш-чаранын соңунда аймактардан келген муниципалитеттердин өкүлдөрү топ-топко бөлүнүп, жергиликтүү көйгөйлөрдү кантип чечүү керектигин чогуу талкуулашты. Жыйынтыгында алардын айыл жергесиндеги көйгөйлөрдү чечүү боюнча бир пикирге келген алгылыктуу сунуштары топтолуп, эксперттердин карап чыгуусунан кийин өкмөттүн кароосуна жөнөтүлдү.