Жаңылыктар
Бизнес чөйрөнү негизсиз текшерүүлөр жоюлат
Экономика
Бизнес чөйрөнү негизсиз текшерүүлөр жоюлат

Укук коргоо жана салык органдары мындан ары ишкерлерди текшерүү чараларын башкы прокуратура менен макулдашкандан кийин жүргүзүшү керек. Бул  багытта  “Ишкердик субъектилерин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын укуктук жактан  кошумча коргоо жөнүндөгү” жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду.   Демилге бизнес чөйрөнү негизсиз текшерүүлөрдөн арылтып,   алардын  өнүгүшүнө  шарт    түзүп берүүгө багытталган.

Ишкер  Мухамед   Садыров 5  жылдан  бери  жеке  ишкерчилик  менен  алектенет. Адеп  иш  баштаганда  бир  топ  кыйынчылыктарды  башынан  өткөргөн.  Өзгөчө   мамлекеттик  структуралардын  тынымсыз  текшерүүлөрүнөн  чарчап ,  баардыгына  кол  шилтеп  кеткиси  келген   күндөр  болгонун  жашырбайт.    

 Буга  чейин  да   мыйзамдуу  иш  алып  барган  ишкерлерди   текшерүүнү  азайтуу,    тобокелчилик    даражасы    эң төмөн болгон ишкерлерди пландуу текшерүүлөрдөн толугу менен бошотуу  сыяктуу   маселелер  көтөрүлүп  келген.       Бирок,   бүгүнкү  күндө   орто  жана  чакан  бизнести  буттан  тушаган  текшерүүлөрдүн  реалдуу  механизмин  иштеп  чыгуу  жагы  ойдогудай  чечилбей  келгенин   Эл  аралык  ишкер  кеңештин  төрагасы  Темирбек  Ажыкулов  айтат.

Ишкерлердин  көптөн  берки  мындай  көйгөйлөрү  эми  чечилчүдөй  болуп  калды  көрүнөт.   Тактап  айтканда   эми   укук коргоо жана салык органдары мындан ары ишкерлерди текшерүү чараларын башкы прокуратура менен макулдашкандан кийин жүргүзүшү керек.   Ошондой эле  региондук прокуратураларда бардык текшерүүлөрдүн бирдиктүү эсебин жүргүзүү  сунуш кылынат.   Ал  эми  текшерүү  алдында  анын   себептери  так  жана  ачык  көрсөтүлүшу  керектигин   экономика  министринин  орун  басары  Данияр  Иманалиев  белгилейт.

 Кыргызстанда чакан жана орто бизнес жүргүзгөн 12 миң ишкана бар, ал эми жеке ишкерлердин саны 450 миңге жетет . 

“Экономиканы  көтөрө  турган  ишкерлерди  бүгүн  колдобосо,  анда  алар  көмүскө  иштөөгө өтүп,  эч  кандай  жылыш  болбойт, демек  жарлык  өз  убагында  чыкты”-  дейт  Кыргызстандын  өнөр  жайчылар  жана  ишкерлер  союзунун  президенти  Жыргалбек  Сагымбаев.

Жарлыкка  ылайык,  текшерүүлөрдү каттоонун максималдуу ачык-айкын жана ыкчам механизмдерин камсыз кылуу жана   текшерүүлөр жөнүндө маалыматты интернетте жарыялоону киргизүү    сыяктуу  механизмдер  каралган.  Ал  эми  бирдиктүү электрондук эсеп базасы   Башкы прокуратуранын расмий сайтында жарыяланат. Ал аркылуу ишкердик субъекттер текшерүүлөрдүн мыйзамдуулугу тууралу   маалымат алышат, текшерүү катталбаган учурда ал мыйзамсыз деп табылат  .

М.Базлакунова, Биринчи радио