Жаңылыктар
Көчмөн турмуштун салттуу эрежелерин кайрадан жандантуу аракеттери
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөн турмуштун салттуу эрежелерин кайрадан жандантуу аракеттери

Ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар бою колдонуп келген жайыт пайдалануу боюнча көчмөн турмуштун салттуу эрежелерин кайрадан жандантуу керек. Кыргыздардын байыртадан сакталган жайыт пайдалануу боюнча салттуу билимдерин азыркы учурдагы илимдин өнүгүшү менен айкалыштыра иш жүргүзсөк, деградацияга учураган миңдеген гектар жайыт аянттарын жакшыртса болот. 

Негизи советтер союзу учурундагы пландуу экономиканын кириши менен өлкөдө жайыт пайдалануунун салттуу эрежелери эстен чыгып, жыйынтыгында миңдеген гектар аймактар деградацияга учураганын эксперттер айтып келишет. Тактап айтканда мал багуунун сырларынан тартып жаздоо, жайлоо, күздөө, кыштоо деген түшүнүктөр туура колдонулбай, кийинчерээк башаламандык өкүм сүргөн. 

Азыр аксакалдардын, мал чарбасы боюнча адистердин, илим изилдеген эксперттердин жардамы менен ошол нерсенин бардыгы кайрадан калбына келүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук Жайыт пайдалануучулар ассоциациясынын жетекчиси Абдималик Эгембердиев билдирди. Ошондой эле ассоциация Кыргызстандын аймагындагы мыкты иштеген жайыт комитеттерин аныктап, мыкты деген үч айыл өкмөтүнө бирден боз үй жана генератор белек кылды.