Жаңылыктар
Түштүк аймакта 3-апрель күнү күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Түштүк аймакта 3-апрель күнү күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

3-апрель күнү өлкө аймагында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, зилзаланын очогу Кытай мамлекетинин аймагында болуп, кубаты 6 баллга жеткен. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, өлкө аймагында жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 5 балл, Сопу-Коргон, Сары-Таш, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Жар, Кан-Коргон, Чычырканак айылдарында 3 баллга чейин сезилген. 

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.