Жаңылыктар
Бишкекте Апрель элдик революциясынын 8 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте Апрель элдик революциясынын 8 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү

Бишкекте Апрель элдик революциясынын сегиз жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. Ага апрель окуясынын катышуучулары, курман болгондордун жакындары жана Президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев, өкмөт башчы Сапар Исаков, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков баштаган депутаттар катышты.

7-Апрель - Кыргызстан үчүн тагдыр чечүүчү тарыхый бурулуш. Иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын чыгармачыл жамааты даярдаган театрлаштырылган чакан программа менен ачылды. 

Эскерүүнүн катышуучулары 8 жыл мурда үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыгып, чыныгы элдик демократияны орнотууну максат кылган эл атылган окко карабай борбордук аянтта каршы турганын, азаттык үчүн эр-азаматтардын жаны кыйылганын жана шейит кеткен баатырлардын элеси эч качан унутулбай турганын айтты.