Жаңылыктар
Түштүк Корея: музейге бай Сувон жана тарых аздектелген Пусан шаарлары
Кыргызстан жаңылыктары
Түштүк Корея: музейге бай Сувон жана тарых аздектелген Пусан шаарлары

Түштү Кореянын борбору Сеулда 3-11-март күндөрү “World Journalists Conference 2018” аталышындагы дүйнөлүк журналисттердин конференциясы болуп, ага КТРКнын кызматкери Сүйүн Токсобаев барып катышып келди. 50 мамлекеттен барган жетимиштей журналист Түштүк Кореянын бир нече шаарында болуп, кесиптик тажрыйба гана алмашпастан, тарыхый жерлерге саякаттаганга үлгүрүп келишкен. Сапар учурундагы кызыктуу көз ирмемдери менен бөлүшкөн Сүйүн Токсобаевдин Сувон жана Пусан шаарлары тууралуу: 

                                                  Тарых жана музейге бай Сувон

Сувон шаарынын Сеул менен аралыгы жарым сааттай экен. Биз отурган автобуста ар бир отургучта телефон кубаттагыч, радио бар. Мотоцикл айдаган полиция кызматкерлери бизди коштоп жүрдү. Таң калганым, тартип сакчылары коштоп жүргөндө биздеги сыяктуу башка машинелерди токтотуп, жөө жүргүнчүлөрдү жолдон өткөрбөй жүдөтүшпөйт экен. Кадимкидей, жол чырак кызыл жанганда токтоп, жол эрежесин сактап эле кеттик. Бизди коштогон полиция кызматкерлери жөн гана коопсуздукту тейлешти. Жол коштоо дегени бул коопсуздукту гана тейлөө экенин ошол жакта түшүндүм.

Сувон калаасы тарыхый жерлери, имараттары, байыркы падышалардын хансарайлары менен туристтерди өзүнө тартып турат. Ал жакта чет элден келгендерге корей жоокерлери атайын салгылашуу өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Бул шаар тарыхый аймак гана эмес, корей футболунун мекени деп да айтылат экен. Чоң стадиону бар. Ар кандай мелдештер ушул жерде өтөт тура. 

Айтылуу "Самсунг" фирмасынын музейи да ушул калаада жайгашыптыр. Ал жакта фирма иштеп чыгарган түрдүү электрондук каражаттарды да көрдүк. Сүрөткө түштүк, алган таасирлерибизди интернет аркылуу бөлүшуп жаттык.

Белгилей кетчү жагдай, Сувондо ажаткана музейи  бар. Ал дүйнөдөгү жападан жалгыз өзгөчө музей катары сыпатталат. Музей эки кабат, унитаз формасында салынган. Бул жерде даараткананын түрлөрүн көрөсүз. Байыркы дааратканалардан тарта, заманбап ыкмада жасалган ажатканага чейин бар. Айрымдары электрондук жабдуулар менен иштейт. Ал гана эмес, бул музейде дааратканага кирүү, колдонуу маданияты жаатында да кызыктуу, пайдалуу кеп-кеңештерди угасыз. Эрежелер жазуу түрүндө жана сүрөт, эстеликтер аркылуу көрсөтүлгөн.

                                                                         Тарых аздектелген Пусан

Андан соң Пусан шаарына жөнөдүк. Бул жакта саякатыбыз өзгөчө болду. Үч жарым миллион калкы бар, кооз шаардагы сулуулук көздү кубантат. Бул калаада Бириккен улуттар уюмунун мемораиалдык эскерүү жайы бар. Ал жай 1955-жылы негизделиптир. Мемориалда Корей согушунда набыт болгон жүздөгөн жоокерлердин мүрзөлөрү бар. Алар он алты мамлекеттин аскерлери. Ар биринин мүрзөсүнө өз мамлекетинин желеги коюлган.

Мемориалдык комплекс 135 000 кв3 аймакты ээлейт. Таптаза. Он бир мамлекеттин жоокерлери кайтарышат. Туристтер кирип, көрүп чыгышы үчүн эч кандай тоскоолдук жок. Келгендерге Корей согушу жана мемориалды куруу тарыхы баяндалган тасма да көрсөтүлөт. Бул комплекс "Тынчтык багы" деп аталат. Чын айтсам, менде буга чейин Корей согушу жана аталган комплекс тууралуу эч кандай маалымат жок болчу. Ошол жерде алган маалыматымдан улам, согуш 1950-жылы башталып, 1129 күнгө созулганын, калабада башка элдер корей жерин басып алууга аракет кылышканын билдим.

Андан ары ошол согуш маалыматтары сакталган музейге бардык. Түштүк Кореяда ар бир музей электрондук каражаттар менен жабдылган. Тийиштүү маалыматтар экрандарда көрсөтүлөт.

Пусан калаасында жыл сайын эл аралык кинофестиваль да өтөт. 2011-жылы башталып, андан бери такай өтүп келаткан маданий иш-чара Эл аралык Пусан кинофестивалы деп аталат. Бул үчүн "Пусан кино борбору" аттуу имарат да курулган. Ал имараттын толкунсымал, ар кандай чырактар менен жабдылган өзгөчө чатыры Гиннес рекорддор китебине кирген.