Жаңылыктар
Таң калтырган жана суктандырган Түштүк Корея
Кыргызстан жаңылыктары
Таң калтырган жана суктандырган Түштүк Корея

Март айынын 3-11 күндөрүнө чейин Түштүк Корея жергесинде өткөн дүйнөлүк журналисттердин конференциясына КТРКнын кызматкери Сүйүн Токсобаев катышып келди. Ал жерден алган таасири менен төмөндөгүчө бөлүшөт:


                           Тарыхты аздектөөнү, убакытты туура пайдаланууну үйрөндүм

Корей жериндеги бир жумалык тажрыйба алмашуу мен үчүн таң калууларга, суктанууларга жана кесиптик жактан пикир алмашууларга бай болду. Жыл сайын өтчү Дүйнөлүк журналисттер конференциясы быйыл (2018) Түштүк Кореяда болду.

50 мамлекеттен барган 70тей журналист 3-11-март күндөрү Түштүк Кореянын бир катар аймактарында болуп келдик. Кореянын журналисттер бирикмеси уюштурган биздин сапар кесиптик тажрыйба алмашуу гана эмес, тарыхый саякаттар менен коштолду. Сапар учурундагы кызыктуу көз ирмемдерди бөлүшөйүн. 

Бишкектен Алматы аркылуу Сеулга учтум. "Инчон" аэропорту менен Корей баш калаасынын ортосу бир жарым саатка жакын жол экен. Аэропорттон түшкөндө эле корейлердин сылык мамилеси көңүлүмдү көтөрдү. Аэропорт кызматкерлери, чек арачылар баш ийип, сага колдон келген жардамын бергенге даяр турушат. Туристтер үчүн бардык шарттар түзүлгөнү даана байкалат. Интернетке туташууда кыйналбайсын. Дээрлик бардык жерде ылдамдыгы мыкты WI-FI иштейт. Бизди ал жактан уюштуруучулар тосуп алышты. 

Атайын автоунаага эмес, кадимки эле каттамдагы автобуска отурдук. Бирок ушунчалык ынгайлуу, ичи таптаза жана бизнес-класстагы автобус. Ичкенге суу бар. Айдоочусу дароо колдон сумкаларды алып, тийиштүү жерге өзү жайгаштырды.Конок үйүнө баргандан соң, тамактанууга шаарга чыктык. 

Сеул мени кооз, бийик имараттары, тазалыгы менен арбап алды. Калаада көчөлөр тийиштүү шарттарга бөлүнгөн. Бир көчө тарыхый, дагы бири бизнеске ынгайлашкан. Айрым көчөлөрдө тамеки чегүүгө такыр мүмкүн эмес. 

 

Азият болгонум үчүн көчөдө жергиликтүүлөр менин чет элдик экенимди дээрлик байкашкан жок. Экинчи ирет чыкканда калпак кийип алдым. Адамдар мага таң калып карай башташты. Аларды башымдагы калпак кызыктырып жатты. Айрымдарына бул кыргыздын салттуу баш кийими экенин, 5-мартта Ак калпак күнү белгиленерин айтып бердим. Февралда аталган мамлекетте Кышкы олимп оюндарынын ачылышында Кыргызстандын командасы калпак кийип чыкпады беле. Ошондон улам көпчүлүк баш кийимибизди таанып да калыптыр. 

Баса, Түштүк Кореяда адамдарды уруксатсыз сүрөткө тартуу уят саналат экен. Ошондуктан, алар менден уруксатсыз калпагымды сүрөткө тартышкан жок.

                                                                    Сеулдагы таасирлер

Бирок Сеул кымбат шаар. Бир күндө 100 долларыңыз байкалбай эле коротулат. Аны тамактануу, кызыктуу жерлерди көрүүгө гана сарптайсыз. Туристтерди өзүнө тартуу, алардын каражатын Сеулда алып калууга бүт шарттарды жасашкан. Кетирген акчаңызга өкүнбөгүдөй мамиле да кылышат. Жергиликтүүлөрдүн баары сыпайы, ушул пейилдери мени аябай суктандырды. Урмат-сый байкалып турат. Жол боюнда эс алып жаткандарды деле көрөсүз. Бул кадыресе көрүнүш, уят саналбайт.

Көчөдө тамак бышырган ар кандай күркөлөр көп. Суу жандыктарын көз алдыңызда бышырып беришет. Аквариумдарда казанга кезек күткөн тирүү жаныбарлар жайнайт. Бирок мен менен чогуу барган көпчүлүк кесиптештер аларды жеген жокпуз. Көнгөн эмеспизда. Биз барганыбызда колубузга "no pork" (Чочко керек эмес) деген жазуусу бар карточка карматышкан. Кафе-ресторанга киргенде эле ошол карточканы көрсөтөбүз. Алар биздин табитибизге жараша тамактарды гана сунушташат. Мындай эреже биз барган бардык шаар-кыштактарда колдонулду. 

Сеулда конференциянын биринчи күнү өттү. Жыйында Кореянын журналисттер бирикмесинин тарыхы тууралуу маалымат берилип, Кытай, Орусия, Польша, АКШ жана Түштүк Кореянын адистери журналистиканын коомго тийгизген таасири тууралуу баяндамаларды жасашты. Конференциянын жүрүшундө  өз ара кызматташуу жаатында да пикир алмаштык. 

Ошол күнү өлкөнүн тышкы иштер министри Кан Гён Хуа айым келип, биз менен жолугушту. Конокторду корей жергесинде көргөнүнө кубанычта экенин айтып, баарлашты. Чиновник айымдын жөнөкөйлүгү мени суктандырды. 

Андан соң Сеул шаардык кеңешинин төрагасы менен кезигишип, сүйлөштүк. Ал киши деле жөнөкөй, адамдар менен жакшы тил табышат экен.Корейлер мээнеткеч экени көрүнүп турат. Убакытты аябай так пайдаланышат. Ар бир саат, мүнөттөр бөлүштүрүлгөн, пландалган. Ушул адат аларды өнүктүрүп, алга жетелеп жаткандай.