Жаңылыктар
Кыргызстанда статс-катчылар сынактан өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда статс-катчылар сынактан өттү

Мамлекеттик кадр кызматы жыл сайын мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердүүлүгүн текшерип, алардын мыктыларын аныктайт. Биринчи үчилтикке интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы, монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жана жогорку соттун статс-катчылары кирген.

Статс-катчы мамлекеттик маанилүү делген кызматтын бири. Кызмат ээси кадрдык жана финансылык саясаттын ырааттуу пайдаланылышын көзөмөлдөп турат. Бул орунда 6 айдан кем эмес иштеген статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө баа берилди. Муну мамлекеттик кадр кызматынын адистери, коомдук ишмерлер менен депутаттардан турган кеңешме тобу колго алган.

2004-жылы мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзам күчүнө кирип, статс-катчы институту мамлекеттик структураларда иштей баштаган. Эң акыркы орунду Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы ээледи. Эми өкмөткө аны кызматтан алуу сунушу киргизилет.