Быйыл Жалал-Абад облусунун дыйкандарына сугат суу жагынан суу тартыштыгы жаралбайт. Анткени облустагы суу бөлүштүрүүчү тосмолор капиталдык ремонттон өтүп, кубаттуулугу көбөйүп, суу берүүгө даяр болуп калды. Суу тосмолорду жакшыртууга өлкө бюджетинен 47 миллоин сом бөлүнүп берилген. Мындан сырткары облустагы азыркы тапта чарбалык каналдарды тазалоо иштери да аяктап калды.
Ирригация тармагына көңүл бурулуп жатканы жагымдуу жаңылык дейт облус эли. Быйыл эми суу тосмолордун бекемделиши менен сугат суу жакшырат деп баба дыйкандар үмүт артышууда.