Жаңылыктар
Кыргызстанга тынчтык керек!
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанга тынчтык керек!

Кыргызстандын өзүнүн өнүгүү стратегиясы менен  жаркын келечекке умтулган жана эркиндикти сүйгөн эли бар. Болгону бүгүнкү күндө элге  тычтык жана ынтымак гана керек. Мындай пикирин коомдук ишмерлер менен Эл баатырлары, жазуучулар билдиришүүдө. Бүгүнкү күндө  өлкө келечегин ойлогон ар бир жаран элдин  ынтымагын бекемдөөгө өз  салымын кошушу керек-дешет алар. Кыргызстан кандай жолду тандап, кайда баратат жана өнүгүүгө багытталган ой-мүдөөлөрдү ишке ашырууга эмне зарыл?

Кыргызстан кандай гана күндөрдү башынан кечирген жок. Эки жолу революция болуп, кыйын күндөр артта калды. Бирок ушундай оор кезеңдерде өлкө  бөлүнүп-жарылып,өз мамлекеттүүлүгүн жоготсо –деген тилекти кармангандар  дагы болбой койгон жок. Мындай ой менен азыр дагы арабызда  жашагандар  жок эмес –дешет талдоочулар. Бирок улуу эл кандай гана кыйынчылыктар башына келбесин туруштук берип, өлкөнү көздүн карегиндей сактап келетат. Азыр бул аракеттердин аркасы менен өзгөрүүлөр болуп жатканын тануу мүмкүн эмес. Өлкө бардык кыйынчылыктарга туруштук берип,  системалык реформалардын жолун тандап, жаңылануу жолуна эбак эле түшкөн. Андыктан азыр коомчулук эл бузарлардан жана ар кандай туура эмес маалыматтардан сак болуусу керек-деген оюн Кыргызстан Элдер ассамблеясынын жетекчиси Бектемир Мурзубраимов айтат.

Кыргызстанда элдин биримдүүлүгүн жана этнос аралык мамилелерди бекемдөө боюнча концепция кабыл алынып, документ ишке ашырылууда. Улуттар аралык жаңжалды башынан өткөргөн өлкөдө акырындык менен ар бир кыргызстандык өзүн толук жаран сезүү үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Анча-мынча көйгөйлөр болгону менен эң башкысы коом туруктуулук атмосферасында жашап келет. Бул өзгөчө бир жетишкендик-экенин Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова  эске салат. Ал элдер узак мөөнөткө пландарын түзүшүп, өнүгүүгө бет алган өлкөдө балдарын чоңойтушуп, той берип, жыргал заманда жашап жатышканын баалайт.

Кадам-кадам өлкө өнүгүп жаңы долбоорлор башталууда. Өлкөнүн өнүгүү стратегиясы президент Алмазбек Атамбаев тарабынан сунушталып, анда кабыл алынган долбоорлор кагаз жүзүндө эле калбастан акырындык менен ишке ашып жатат. Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка муктаж болгондуктан көмөк чордондор курулуп жогорку чыңалуудагы чубалгылар өткөзүлүүдө жана Чакан ГЭСтерди салуу аракети күч. Кыргызстан боюнча жолдор оңдолуп түзөлүүдө. Анын ичинде эки эң ириси Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын –Торугарт жолу болуп саналат. Ошондой эле түштүк-түндүктү бириктире турган экинчи стратегиялык жолду куруу иштери уланууда. Башталган бир топ  иштер бар экенин белгилеген академик  Миталип Мамытов,  өзбек-кыргыз чек арасында орун алган маселе  убактылуу көрүнүш экенин белгилейт.

Ошентип,  Кыргызстандын азыркы күнү өзүнүн өнүгүү стратегиясы менен  жаркын келечекке умтулган жана эркиндикти сүйгөн эли бар. Болгону бүгүнкү күндө элге  тычтык жана ынтымак керек –дешет коомдук ишмерлер. Кандай болгон күндө дагы Ата-бабаларыбыз жаратканга тобо кылып, сабырдуулук менен баасы кымбатка турган эркин өлкөнү сактап келишкен.

М.Абдраманова,  Биринчи радио