Жаңылыктар
Баткенге мумие тергени келип жоголгон чет элдик адам табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Баткенге мумие тергени келип жоголгон чет элдик адам табылды

Баткен районунда 1-апрелде мумие терүү үчүн тоого чыгып кетип жоголгон чет элдик Лю.А. 4-апрелде табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Маалыматка караганда, Ак-Сай айылынын 1959-жылы туулган тургуну М.К., 1960-жылы туулган тургуну А.И., Бишкек шаарынын 1960-жылы туулган тургуну Ж.С. жана Казакстандын 1960-жылы туулган жараны Лю.А. Ак-Сай айылынын жанына чатыр тигип, Суксурлук тилкесинде мумие теришкени чыгышкан. 3 адам тигилген чатырга кайтып келип, бирок Лю.А. белгисиз себептер менен кайтып келген эмес. 

Аны шериктери өз алдынча издеп жыйынтык чыкпагандыктан 4-апрелде ӨКМге кабар беришкен. Издөө иштерине 20 куткаруучу тартылган. Лю А. 4-апрелде аталган аймакта жүргөн туристтерге жолугуп, алардын телефону менен байланышка чыккан. Учурда абалы канааттандырарлык. Куткаруучулар аны УКМКнын кызматкерлерине өткөрүп беришти.