Жаңылыктар
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн
Өзгөчө кырдаал
Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

5-6-апрелде күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, Төө-Ашууда, Ала-Белде, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунда, Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат. 

Жолдордун айрым жерлери тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин адистер эскертишет.