Жаңылыктар
Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге катыша албайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге катыша албайт

Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын тиешеси бар компаниялар мамлекеттик сатып алуулар боюнча тендерлерге катыша албайт. Буга тыюу салган мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. 

Анын максаты — мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү процесске катышкан кызмат адамдарынын арасында коррупциянын деңгээлин төмөндөтүү жана атаандаштыкты камсыз кылуу болуп жатат. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзам күчүнө кирди. Аталган мыйзам Жогорку Кенеш тарабынан 22-февралда кабыл алынган.