Жаңылыктар
АКШ Сирияга аскерлерин калтырмай болду
Дүйнө
АКШ Сирияга аскерлерин калтырмай болду

АКШ Сириядагы аскерлерин үч жылга чейин калтырат. Ага президент Дональд Трамп макул болду. Бул тууралуу Reuters кабарлады. Кошмо Штаттардын президенти муну Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында тастыктап, Вашингтон Сирия алдында узак мөөнөттүү милдеттенмелерди алгысы келбегенин белгиледи.

Буга чейин Трамп америкалык аскерлерди Сириядан алып чыгып кетүүнү каалай турганын билдирген. Бирок кандайдыр бир мөөнөт тууралуу так айткан эмес. Президенттин кеңешчилери анын бул ниетин сынга алышкан. Алардын көз карашында, «Ислам мамлекети» террордук тобун жок кылуу көп ишти талап кылат. Мамлекеттик департамент жана АКШнын Коргоо министрлигиндеги аткаминерлер дагы бул пикирди колдошот. Белгилей кетсек, АКШ жетекчилиги алдындагы эл аралык коалиция Сириядагы террорчуларга каршы 2014-жылдан бери күрөшүүдө. Америкалык аскерлердин саны эки миңге чамалап барат. Коалиция Сирия демократиялык оппозициясын колдойт.