Жаңылыктар
Бишкектин борбордук көчөлөрү кичи автобустардан бошотулат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкектин борбордук көчөлөрү кичи автобустардан бошотулат

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов ордо калаанын борбордук көчөлөрүн кичи автобустардан бошотуу жана чоң автобустарды бул каттамдарга жүргүзүү боюнча иш-чараларды даярдап чыгуу үчүн шаардык транспорт башкармалыгына тапшырма берди. 

Бул тууралуу калаа башчы өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды. Ошондой эле шаар мэри кичи автобустардын айдоочуларынын тейлөө кызматын жана маданиятын көтөрүү максатында, жол кыймылынын эрежелери орой бузуу фактылар катталса жүргүнчү ташуучу фирмаларды каттамдан чыгаруу боюнча тийиштүү чараларды даярдоого буйрук бергенин да жазган. Эске салсак, 2-апрель күнү Бишкектин жүргүнчү ташыган маршруттук каттамдарынын айдоочулары иш таштап, бир катар талаптарды коюшкан. Бирок мэрия алардын талаптары ишке ашпай тургандыгын билдирген.