Жаңылыктар
Мамлекеттик кадр кызматы статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө баа берди
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик кадр кызматы статс-катчылардын ишмердүүлүгүнө баа берди

Мамлекеттик кадр кызматы  21 мамлекеттик органдардын статс-катчыларынын ишмердүүлүгүн текшерип алардын ишине атайын баа берди. Мындай текшерүү иши төрт жылдан бери уланып келет. 

Алардын ичинен жогорку соттун жана монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматынын статс-катчылары  мыктылыгын көрсөтүп, алдыга суурулуп чыккан. Эң акыркы орунду Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы ээледи. Эми өкмөткө аны кызматтан алуу сунушу киргизилет.

Ал эми мыктыларын сыйлоо жагы каралып, чен берүү маселеси көтөрүлмөкчү.Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"