Жаңылыктар
Президент Апрель элдик революциясынын катышуучулары менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Апрель элдик революциясынын катышуучулары менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Апрель элдик революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун туугандары менен жолугушту. 

Жолугушуу шейит кеткен баатырлардын элесине арнап куран түшүрүүдөн башталды. Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан калыптануунун татаал жолун басып өткөнүн, экономикалык, саясий кыйынчылыктарды баштан кечиргенин белгиледи. 

Кыргызстандын тарыхында бир максатка биригип, өз эркиндигин сактап калыш үчүн чогуу күрөшкөн мисалдар аз эмес. Апрель элдик революциясы мына ошондой баатырдык мисалдардын бири. 2010-жылдын 7-апрели - кыргыз элине эркиндикке жана өнүгүүгө карай жол ачкан тарыхый окуя. Биздин эркиндикти сүйгөн элибиз үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен эч качан келишпестигин жана чөгөлөп жашабай турганын дагы бир жолу көрсөттү-, деп билдирди мамлекет башчысы. 

Жолугушууга бир катар коомдук уюмдар менен бирикмелердин өкүлдөрү катышты.