Жаңылыктар
Күндүн темасы: "Саякбай" тасмасы 25-апрелден баштап кинотеатрларга коюлат
Маданият
Күндүн темасы: "Саякбай" тасмасы 25-апрелден баштап кинотеатрларга коюлат


Тасма улуу манасчы Саякбай өмүрүн баяндаган жана  залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун маеги менен эскерүүлөрүнөн турат. “Саякбай” тасмасын тартуу үчүн баш аягы болуп эки жылдай убакыт талап кылынган.  Аталган тасманын башкы продюсери Саматбек Ибраев, режиссеру Эрнест Абдыжапаров, музыкасы композитор Муратбек Бегалиевге таандык. "Саякбай" тасмасы 41-чи Эл аралык Монреаль кинофестивалында «Мыкты инновациалык тасма» номинациясы боюнча "Алтын Зенит" байгесин уткан жана “Алтын глобус” сыйлыгынын узун тизмесине кирген.

Уктурууга Саякбай Манасчы эл аралык коомдук фондунун президенти жана Саякбай тасмасынын продюссери Саматбек Ибраев. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"