Жаңылыктар
"Ала-Тоо" ресторанында тоок этинен даярдалган тамак ууланууга алып келген
Кыргызстан жаңылыктары
"Ала-Тоо" ресторанында тоок этинен даярдалган тамак ууланууга алып келген

Тоок этинен даядалган тамак ууланууга алып келген. Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойдо уулангандар боюнча санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыгын ушундай деп чыгарды. 

Анда тоок этинен жасалган тамактан сальмонелла бактериясы табылган. Ошондой эле бейтаптардан алынган анализдерден да ушул бактерия чыккан. Сальмонелла бышкан гана тамактын үлгүлөрүнөн табылгандыктан аны жасоо жана сактоо технологиялары бузулган деп айтууга болот.

Чийки продукциядан бактерия табылган эмес. Бүгүнкү күнү Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 94 киши жатат. Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарында 36 киши жатып дарыланууда. 

Эске салсак, 31-марттан тарта тойго баргандар ооруканага кайрыла баштаган. Тойдун аркасы менен жалпы 263 адам дарыгерлерге кайрылып, алардын 182си ооруканага түшсө, 81 киши үй шартында дарыланган. Текшерүүнүн жыйынтыгында башкы ашпозчуга 25 миң сом айып салынып, ресторан текшерүү бүткөнгө чейин жабылган. Уулануу фактысы боюнча кылмыш иши дагы козголгон.