Жаңылыктар
Жарандык активист Айбек Баратовдун наристеси жардамга муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Жарандык активист Айбек Баратовдун наристеси жардамга муктаж

Жаш активист Айбек Баратов жакында өзүнүн Фейсбуктагы өздүк баракчасына элге кайрылуу жазды. Кайрылууда өзүнүн эки жарым жашаар кызы сейрек кездешүүчү ооруга кабылганын жазат. 

Кичинекей кыздын аты - Наира, эки жарым жашта. Эки жылдан бери Айбек мырза келинчеги менен барбаган дарыгери, ооруканасы калбаганын, былтыркы жылы гана аутизм спектри (аутистический спектр) оорусу экени аныкталганы айтылат. Наира өз алдынча тура албайт, баса албайт жана сүйлөбөйт. Чоочун адамдардан, үндөрдөн коркот жана абдан агрессивдүү. 

Буга чейин болгон акчабызга Бишкектин жана Алматынын ооруканаларына көрсөтүп келдик. Жетишкендиктер албетте бар. Наира азыр жөрмөлөп, өз алдынча тамак ичип калды. 

Мындан дагы жакшы жетишкендиктерге жетсе болот, тиешелүү жабдуулар дагы бар. Бирок алар Бишкекте жана Алматыда жок. Узак убакыт изилдөөлөрдөн улам Варшавадагы Олинек деген интенсивдүү калыбына келтирүү борборуна токтолдук. 

Биздин досторубуздун жана үй-бүлөбүздүн жардамы менен биринчи реабилитация курсуна барып келдик, натыйжасы биз күткөндөн да жакшы болду. Наира азыр бир канча мүнөт өз алдынча тура алат, тең салмактуулукту кармап  жана айлана чөйрөгө кызыгуусу артып калды. 

Эгер азыр дарылабасак кийин майып болуп калуусу мүмкүн. 

Дарылануунун бир курсу жолкирени кошкондо болжол менен 10 000 АКШ доллары болот экен. Баардык дарыланууга 60 000 доллар сарпталат. Кичинекей кыздын тагдырына кайдыгер карабаган Наиранын ата-энеси менен байланышып же Элсом капчыгына акча которуңуздар.