Жаңылыктар
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 2017-жыл ичинде өндүрүш тармагына басым жасаган
Экономика
Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 2017-жыл ичинде өндүрүш тармагына басым жасаган

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 2017-жылы 823 долбоорду жактырып, 261 миллион доллар каражат бөлгөн. Бул тууралуу фонд башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди. 

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында, мамлекеттик казынага төлөнгөн салыктын жана экспорттун көлөмү көбөйгөн. 

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду 2017-жыл ичинде өндүрүш тармагына басым жасаган. Ошондой эле, агрардык сектор, кайра иштетүү, инфраструктураны жакшыртуу жана туризм тармактарында көп долбоорлор каржыланган.

Эсеп-кысап жагын айта турган болсок, фонд 2017-жылы 823 долбоорду жактырып, 261 миллион доллар каражат бөлгөн.  Фонд экономикалык жактан өлкөгө кандай пайда алып келгендиги жөнүндө экономика министри Артём Новиков айтып берди. Анын айтымында, Кыргы-Орус өнүктүрүү фонду каржылаган ишкерлер мамлекеттик казынага 48 миллион доллар салык төлөгөн.