Жаңылыктар
Туз айылындагы орто мектептин санитардык абалы ата-энелерди кооптондурууда
Кыргызстан жаңылыктары
Туз айылындагы орто мектептин санитардык абалы ата-энелерди кооптондурууда

Нарындын Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектепте окуп жаткан балдарды ата-энелери сабакка жиберүүдөн баш тартышууда. Буга өткөн жумада мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин адистери келип, "мектептин имаратына окуу мүмкүн эмес" деген бүтүм чыгарып бергени себеп болгон. Бирок окуу процесси уланууда.

Кочкор районунун Туз айылындагы мектеп. Буга чейин ушул билимканадан жагымсыз жыт чыгып, окуучулар эстен танып, жыгылып жатат деген сөз элеттиктерди дүрбөлөңгө салган. Азыр деле окуу процесси жүрүп жатат. Бирок мурдагыдай эмес келген окуучунун саны аз. Анткени имараттан чыккан жагымсыз жыт ден соолукка зыян, ичине кирүү кооптуу деген расмий билдирүүнү уккан туздуктар, караманча эле балдарын сабакка жиберүүгө каршы болуп чыгышты.

Эси чыккан айылдыктар бир жылдан бери кайрылбаган жери, какпаган эшиги калган эмес. Санитардык көзөмөл департаменти билекти түрүп иштеп, тыянак чыгарганча ак халатчандар иликтөө жүргүзө калышып, имаратта корко турган себеп жок экендигин билдиришкен.