Жаңылыктар
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы апрель айынын алгачкы он күндүгүндө да уланмакчы. Синоптиктердин билдирген маалыматына караганда апрелдин жетисинен тарта абанын температурасы 10градуска чейин төмөндөп нөшөрлүү жамгыр жаайт. 

Буга байланыштуу дарыяларда суунун көлөмү көбөйөт. Туруксуз аба ырайынан улам сел журүү, жер көчкү жана кар көчкү кырсыктары сакталып турат. Учурда адистер табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча иштерди жүргузүп жатат. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Айсулуу Гайбулла кызы, "Биринчи радио"