Жаңылыктар
Парламентте иш таштаган маршруттук таксилердин маселеси көтөрүлдү
Саясат
Парламентте иш таштаган маршруттук таксилердин маселеси көтөрүлдү

Иш таштаган маршруттук таксилердин маселеси парламентте да көтөрүлүп, айдоочуларына чара көрүү керектиги айтылды. Эл өкүлдөрүнүн айтуусунда айдоочулар эч кандай эскертүүсүз эле коомдук транспорттун ишин токтотушту. Мыйзамсыз митингдерди милиция көзөмөлдөшү керек эле, бирок милиция да аракет кылган жок. 

Ошондой эле, депутаттар иш таштоону демилгелегендерди аныктап, ошол фирманын лицензиясын алып коюу керектигин айтышты. А түгүл депутат Дастан Бекешов Транспорт жана жол министрлигине караштуу Транспорттук инспекцияны жоюу сунуштады. Айтымында, аталган инспекция  бир катар мамлекеттик органдардын иш-милдетин кайталайт.  Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"