Жаңылыктар
Жээнбеков расмий иш-сапары менен Түркияга барат
Саясат
Жээнбеков расмий иш-сапары менен Түркияга барат

Президент Сооронбай Жээнбеков 9-11-апрель күндөрү расмий иш-сапары менен Түркияга барат. Бул тууралуу Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди. 

Президенттин бул сапарынын планында кыргыз-түрк кызматташтыгынын маанилүү маселелери жөнүндө сүйлөшүүлөр камтылган. Ошондой эле дене тарбия жана спорт, басма сөз жана маалымат тармактарында эки тараптуу келишимдерге кол коюу пландалган. Данияр Сыдыковдун айтымында, Жээнбеков Түркиянын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Премьер-министри Бинали Йылдырым жана Түркия парламентинин Төрагасы Исмаил Кахраман менен кең жана тар чөйрөлөрдө жолугушат.