Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматына жетекчи дайындалды. Муну ырастаган буйрукка Президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Ага ылайык, Сабыров Токтосун Ырыскелдиевич Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары рангындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 9-кызматынын зардалы (башчысы) болуп дайындалды.