Жаңылыктар
Кайгуул-күзөт кызматына катардагы жарандар кабыл алына баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Кайгуул-күзөт кызматына катардагы жарандар кабыл алына баштады

Бишкек Шаардык ички иштер башкармалыгы кайгуул-күзөт кызматына кайтадан катардагы жарандарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди. Кайгуул милициясы жоюлгандан кийин кайра түптөлгөн кызматка январда дагы катардагы жарандар ишке алынган. Кайгуул милициясына кабыл алууга Куралдуу күчтөрүндө аскердик милдетин өтөгөн, жашы 30га чейинки жарандар талапкер боло алат.

Квалификациялык талаптар: жогорку же орто кесиптик билими тууралуу диплом, 11-классты аяктаганы боюнча аттестат да жарайт; альтернативдик аскер кызматын өтөгөнү боюнча аскер билети (үй-бүлөлүк абалына байланыштуу) болуп, эркек талапкердин бою 170 сантиметрден кем болбошу керек, кыз-келиндердин бою 168 сантиметрден кыска болбошу кажет. КРдин куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн же жогорку окуу жайдын алдындагы аскер кафедрасын аяктап, запастагы офицер наамы болгондор артыкчылыкка ээ. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын катарында иштейм дегендер Бишкек шаары, Горький көчөсү, 20 дарегиндеги Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына кайрылса болоорун билдирди.