Жаңылыктар
Бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу аяктайт
Билим
Бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу аяктайт

Бүгүн Жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу аяктайт. Орто мектепти же орто кесиптик окуу жайын быйыл бүтүрүп жаткан абитуриенттер окуп жаткан жеринде ЖРТга катталат. 

Негизги тест үчүн төлөм 320 сом турат, ал эми ар бир предметтик тест үчүн дагы 320 сом төлөнөт. Буга чейин окууну аяктаган бүтүрүүчүлөр болсо, аттестаттын түп нускасын алып келиши зарыл. 

Кыргызстандын сыртында жүргөндөр тестирлөөнүн алдында бир күн эрте катталышы керек, тагыраагы - он төртүнчү же 17-майда. Эске салсак, ЖРТ жогорку окуу жайларына гранттык орундарга, ошондой эле келишимдик негиздеги окууларга тапшыруунун милдеттүү шарты болуп саналат.